Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 13:57
USD
87.30
87.80
EUR
90.40
91.40
RUB
0.905
0.935

Түркиянын транспорт министри Кыргызстанга келет

12.02.2025 11:24
24
Түркиянын транспорт министри Кыргызстанга келет


Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйынынын алкагында Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадыр Уралоглу менен жолугушту. 


Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы кызматташуу талкуулашты. Анда эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик ташуулар келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгү белгиленди. 


Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин биргелешкен комиссиясынын жыйыны 2025-жылы Кыргызстанга өтөрүн белгилеп, кесиптеши Абдулкадыр Уралоглуну Кыргызстанга чакырды. 


Ал эми, өз кезегинде Абдулкадыр Уралоглу чакырууну кабыл алып, кыргыз жана түрк элдери боордош экенин жана эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин кызматташуусун мындан ары дагы өркүндөтүү керектигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн