Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону жандандырды

17.11.2021 11:39
554
Түркмөнстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоону жандандырды


16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы кайрадан импорттоло баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Бул импорт график боюнча  эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.


Буга чейин Түркмөнстан мамлекетинен Кыргызстанга  электр энергиясынын токтотулганын бирден-бир себеби, ал жактагы табигый  кырсыктан  улам  линияда авария болгон. Ошол себептен Түркмөнстан оңдоо-иштерин жүргүзүп алганга чейин  Кыргызстанга электр энергиясын импорттоону убактылуу токтотуп турган. 


Мындай жагдай биздин өлкөгө терс таасирин тийгизбейт, себеби биз өзүбүздун гидроэлектр станциялардан ТЭЦ-Бишкектен электр энергиясын чыгара беребиз. Ал эми электр энергиясын импорт кылып жатканыбыздын максаты, келерки жылга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн сактап калуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн