Милиция түрмөгө баңгизат киргизген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы 4-мартта билдирди.
Борбор калаанын милициясынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды таратуу жана сатууга белгисиз адамдар тиешеси бар экендиги аныкталды.
Алар баңгизаттарды абактарга киргизип турушкан.
Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, 1988-жылы туулган кылмышка шектүү К.М. кармалган. Башка тиешеси бар жарандар такталууда.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, салмагы 1 кг 425 гр салмактагы кара куурайдын өзгөчө жыты бар полиэтилен баштыкка оролгон баңгизат болгон
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн