Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Түштүк Африка Республикасында башаламандык күч алды (фото)

03.08.2022 13:31
692
Түштүк Африка Республикасында башаламандык күч алды (фото)

Түштүк Африка Республикасында бир нече күндөн бери уланып келе жаткан нааразылык акциялары күч алды.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Маалым болгондой, 1-августта башталган нааразылык акциялары күн сайын күчөп жатат. Өлкөнүн экономикалык абалына, азык-түлүктүн кымбаттаганына жана жумушсуздуктун күч алганына байланыштуу эл нааразылык акцияларына чыгууда.


Нааразы эл жолду тосуп, администрациялык мекемелерди басып алуу аракеттерин көргөн.


Эл менен укук коргоо органдарынын ортосунда бир нече жолу кагылышуу болуп, эки полиция кызматкери каза болгон.


Ал эми укук коргоочулар укук коргоо органдары элге карата курал колдонуу менен окуяны андан ары ырбатып жиберерин билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн