Түштүк Кореяда президенттик шайлоо башталды. Бул тууралуу “Yonhap” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Корея Республикасында мурдагы президент Юн Сок Ёлдун импичментине байланыштуу президенттик шайлоо белгиленген мөөнөттөн эки жыл эрте өтүп жатат.
Өлкөнүн калкы 52 миллионго жакын адамды түзөт.
Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, болжол менен 44,4 миллион адам добуш берүүгө укуктуу. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дө ачылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн