Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:22
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ким Чен Ындын эмнеге көпкө жок болуп кеткени айтылды

07.05.2020 09:22
1155
Ким Чен Ындын эмнеге көпкө жок болуп кеткени айтылды


Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын көп убакытка жок болуп кеткенин, өлкөнүн ички иштерин жана эпидемиялык абалды жөнгө салууга байланыштырууда. 

 

“Ким Чен Ын ички кадрдык алмаштыруулар жана партиялык-мамлекеттик көйгөйлөр боюнча жыйындарды өткөрүп, аскердик кубаттуулуктуу бекемдөө көйгөйлөрү менен жүргөн. Бул коронавирус инфекциясы менен да байланыштуу, ошондуктан коомчулукка көз алдында болуусу кескин азайган”, - деген Түштүк Кореянын парламентинде чалгындоо кызматынын өкүлү Ким Бен депутаттарга маалымат берип жатып.  


Ошондой эле чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери элдин алдына аз чыгуусу (17 жолу) анда кандайдыр бир дарт бар экенине далил болуп бере албайт деген божомолдоосун айткан. Ким Чен Ындын жүрөгүнө байланыштуу хирургиялык процедуралар же болбосо операция жасалбаган, эгерде андай болсо жок эле дегенде 4 же 5 жума жоголуп кетмек деп айтылат маалыматта. 


Улуттук чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери жакында эле коронавируска каршы эпидемиялогиялык көзөмөлдү күчөтүүнү, баага болгон туруктуулукту сактоону жана аскерлердин маанайын көтөрүүгө басым жасаганын айткан.


Мындан сырткары, чалгындоо кызматы Түндүк Корея COVID-19 жок деп айтканы менен, илдет бар экенин билдиришкен.


“Ким Чен Ын 20 күн жок болгондон кийин, коомчулук алдында активдүүлүгүн жандантып жер семирткичтерди чыгарган Сунчхонск заводунун ачылышында катышуусу, анын өндүрүш тармагындагы көйгөйлөрдү жөнгө салууга каалоосу бар экенин далилдейт. Ошондой эле мамлекетти өзүнүн күчү менен өнүктүрүүгө болгон багытты алды”, - деген Ким Бен.


Эске салсак, буга чейин Ким Чен Ын соңку 20 күн аралыгында алгач ирет коомчулукка чыгып,  Сунчхонск заводунун ачылуу аземине барганы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн