Бугу 07, 2024
Убакыт: 01:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Түштүк Судан белгисиз оорудан адамдар каза болууда

15.12.2021 10:24
694
Түштүк Судан белгисиз оорудан адамдар каза болууда

Түштүк Суданда белгисиз оорудан 89 адам каза болду.


Массалык өлүм Фангак шаарында катталган. Өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери жөнөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.


Маалыматка ылайык, буга чейин бул аймакта катуу сел жүргөн. ДССУнун ыкчам жооп берүү тобу окуя болгон жерге тик учак менен жетишкен.


"Биз тобокелдиктерге баа берүү жана иликтөө үчун ыкчам жооп берүү тобун жөнөтүү чечимин кабыл алдык. Алар оорулуу адамдардан үлгүлөрдү алышат, бирок буга чейин бизге 89 өлүм катталганы тууралуу маалымат берилген", - дейт ДССУнун өкүлү Шейла Байя.


Жергиликтүү адистер холерага иликтөө жүргүзүү үчүн оорулуулардан үлгүлөрдү алышып, ал иликтөөнүн жыйынтыгы терс чыккан.


Булак: kabar.kg

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн