Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Болгариядагы 20 жашка чейинки кыздар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Мелдеш 15-21-августта София шаарында өтүүдө. Нуртаева 68 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады.
Ал алгач молдовалык, анан италиялык жана германиялык спортчуларды утуп, финалга чыкты. Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы япониялык спортчуга 0:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.
Белгилей кетсек, Бермет Нурдин кызы (62 кг) жана Дилназ Сазанова (65 кг) аталган мелдеште коло үчүн күрөшөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн