Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

UFC уюму беттештерди өткөрүү үчүн арал сатып алды

21.04.2020 14:18
891
UFC уюму беттештерди өткөрүү үчүн арал сатып алды


UFCнин мурдагы мушкери Брендан Шауб өзүнүн жеке булактарына таянуу менен Ultimate Fighting Championship уюму мелдештерин өткөрүү үчүн “Мушкерлер аралын” сатып алганын билдирди. 


Маалыматка ылайык, арал америкалык финансист Жеффри Эпштейнге таандык болгон.


“Мен ишенимдүү булактарыман уккан кепти силер уктуңарбы? Жеффри Эпштейнге таандык болгон арал тууралуу. Мен уккан нерсе ушул. Бул аралдын жаман кесепеттери көп”, - деген мурдагы мушкер.


Маалыматка таянсак, 2008-жылы Эпштейн колго түшүп, сойкулук уюштурганын моюндаган. 2019-жылы кайрадан ал полиция тарабынан кармалган. Аны жашы жете электерди Флорида жана Нью-Йорк шаарларында саткан деп айыпташкан.


Ал эми 2019-жылы 10-августта абактагы камерасында жансыз табылган. Расмий маалыматтар боюнча Эпштейн өз өмүрүнө кол салган.

Теги

ufc

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн