Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

UFCнин рекордун жаңылаган мушкер Хамзат Чимаев августта кайрадан беттеш өткөрөт

28.07.2020 16:01
1078
UFCнин рекордун жаңылаган мушкер Хамзат Чимаев августта кайрадан беттеш өткөрөт


Швециянын атынан чыккан мушкер Хамзат Чимаев 10 күндүн ичинде эки беттешти жеңип, эми UFCнин август айына белгиленген турниринде беттешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Чимаев UFCнин алкагындагы алгачкы беттешин 15-июлда өткөрүп, он күндүн ичиндеги эки жеңишке жетип, бул көрсөткүчү менен уюмдун жаңы рекордун койду. Хамзат муну менен токтоп калбай  жеңишинен кийин Дэйна Уайтка дагы бир беттеш берүүсүн суранып билдирүү калтырган.



Yahoo Sportsдун журналистти Кевин Иолдун маалыматтына караганда, уюмдун жетекчиси мушкердин калоосун ишке ашырууга даяр экенин билдирген: “Жаңы эле Дэйна Уайт менен сүйлөштүм. Ал Чимаев “өзгөчө” экенин жана 15-августта боло турган UFC252 турниринде беттешке чыккысы келгенин билдирген. Ал мушкер үчүн беттеш уюштуруп берерин айтты”.



Чимаев 16-июлда Жон Филиппсди жеңсе, 26сында Рис Маккини жеңип алган.

Мушкер 2011-жылы Швециядан саясий башкалкалоо суранган жана эл аралык мелдештерде ал өлкөнүн атынан чыгып келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн