Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган салыкчы кармалды

22.03.2024 18:42
178
УКМК: 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган салыкчы кармалды


20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган КР Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды, деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде каралган кылмыштардын белгилери менен катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы менен атайын салык режимдери боюнча башкармалыгынын инспектору кармалды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутуу жолу аркылуу 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

2024-жылдын 19-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору пара менен кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн