Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК Ала-Бука районунда "безпредельщик" атыккан жаранды кармады

03.04.2024 17:43
718
УКМК Ала-Бука районунда "безпредельщик" атыккан жаранды кармады


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “безпредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКга 1971-жылы туулган А.О.С. Ала-Бука айылынын жергиликтүү жашоочуларына жана коммерциялык жайлардын ээлерине туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөтүп жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Зомбулук көрсөтүүгө шектүү мурда бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу соттолгон, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөтүп келген.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде А.О.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда анын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылып алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК кармалган шектүү тарабынан зордук-зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын төмөнкү ишеним номурларына: WhatsApp: 0995 012210 кайрылууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн