ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына тиричилик буюмдары деп товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, 2023-жылдын 26-октябрында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан КР М.С.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан.
Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн