Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК: Фарид Ниязовдун кайрылуусу кылмыш жоопкерчилигинен кутулуунун амалы

12.03.2020 12:48
1192
УКМК: Фарид Ниязовдун кайрылуусу кылмыш жоопкерчилигинен кутулуунун амалы


Фарид Ниязов кайрылуусунда жоопкерчиликтен качып, коомчулуктун башын айлантуунун аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ф.Ниязовдун кайрылуусуна жооп кылган билдирүүсүндө айтылат. 


Мекеме Фарид Ниязовдун кайрылуусун коомчулуктун башын айлантууга болгон негизсиз жана популистик кадам катары баалаган.  Ошондой эле коопсуздук, укук коргоо кызматкерлерин жаманатты кылууга, иликтөөнүн жыйынтыгын саясий өңүткө буруп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин актоого болгон кадам катары сыпатташкан.


Эскерте кетсек, буга чейин  Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Ташта 7-8-августта болгон массалык башаламандыкка жана спецназдын өлүмүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  жетекчиси Орозбек Опумбаев күнөөлүү деген кайрылуусун тараткан эле. Ал материалды бул жерден окусаңыз болот. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн