Теке 27, 2024
Убакыт: 10:31
USD
EUR
RUB

УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды

15.05.2024 16:32
141
УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды


Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган КР жараны М.У.А. кармалды.

Аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө кызматка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен.

Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн