Аяк оона 11, 2025
Убакыт: 16:43
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.015
1.050

УКМК Казакстандын жараны Камалутин Халиковго издөө жарыялады

11.09.2025 12:45
27
УКМК Казакстандын жараны Камалутин Халиковго издөө жарыялады


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакстандын жараны Камалутин Халиковго издөө жарыялады.


Ведомстводон билдиришкендей, атайын кызмат Казакстандын жараны Халиков Камалутин Магомедовичке «Братский круг» деп аталган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү болгон «мыйзамдагы ууру» атыккан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча издөө жарыялады.


Белгиленгендей, Камалутин Халиков Караганды облусунун бокс федерациясынын президенти, курулуш тармагында каржылык мүлкү бар, мурда Казакстан аймагында уюшкан кылмыштуу топту түзгөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Кыргызстандан Казакстанга контрабандалык товарларды алып өтүү менен алектенген.


К.Халиков К.Асанбектин ишкерлерден мыйзамсыз киреше чогултуу, опузалоо, каракчылык сыяктуу иш аракеттери аркылуу системалуу негизде кылмыштуу кирешелерди алгандыгын, ошондой эле анын «адам өлтүрүү», «адам уурдоо» жана «уюшкан кылмыштуу тобун түзүү, уюштуруу» боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен соттолгонун билип туруп, биргелешкен бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында анын колдоосун алуу максатында «мыйзамдагы ууру» атыккан К.Асанбек менен байланыш түзгөн.


Ошондой эле К.Халиков бир нече жолу Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында эс алуу учурунда К.Асанбек менен жолугушууларды өткөргөн.


Чогултулган материалдардын негизинде К.Халиковко карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, ал издөөгө жарыяланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн