Кулжа 16, 2024
Убакыт: 17:56
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

УКМК: Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду

23.05.2024 16:36
197
УКМК: Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду


Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду. Бул утуралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстанга автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, М.З.Ж. аттуу КР жараны өзүнүн шериктери менен 8 даана автоунаага жасалма документтерди колдонушуп, Кыргызстандын аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн "Каркыра-Автожол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган М.З.З. аттуу жаран Каракол ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн