Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мурдагы жана азыркы жетекчилер аныкталды

УКМК: Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мурдагы жана азыркы жетекчилер аныкталды


Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мурдагы жана азыркы жетекчилер аныкталды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Сокулук районунун Шопоков шаарынын мурдагы мэри У.С.К., Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары А.Б.Т., жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде жеке адамдарга белгилүү бир акчалай сыйлыкка муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн