Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаев депутат Өмүрбек Бакиров менен жолугушканын тастыктаган

28.12.2022 18:56
1176
УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаев депутат Өмүрбек Бакиров менен жолугушканын тастыктаган

Бүгүн, 28-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жолугушканы тууралуу маалымат тараткан.


Ал эми депутат Бакиров бул чындыкка дал келбей турганын айтып, фактыларды талап кылган.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 25-декабрда кримтөбөл Камчы Көлбаевди суракка алуу учурунда ал депутат Өмүрбек Бакиров менен жолугушканын тастыктаганын билдирди.


Мындан улам, УКМК депутат Өмүрбек Бакиров коомчулуктун башын айлантып, чындыкты бурмалап жатканын кошумчалады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн