Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:32
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

УКМК: Сузак районунун тургуну уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты

03.09.2024 12:00
277
УКМК: Сузак районунун тургуну уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты


Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуу идеологияга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында Сузак районунун 40 жаштагы тургуну У.Ш.А. уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. 

Маалыматта белгиленгендей, ал менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Буга чейин социалдык тармактарда анын "Салим Байбача" деген ат менен таанымал, Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган болчу.

УКМК кошумчалагандай, У.Ш.А. 2023-жылдын декабрь айында жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгынын далилин жок кылуу максатында Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Андан соң ал өрттөнгөн имаратты оңдоого бөлүнгөн 6 млн сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн