Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:09
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

УКМК: Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды

12.03.2024 10:32
406
УКМК: Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды


Жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу "Кристалл" ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) аффилирленген жактары тарабынан "Кристалл" ААКсынын активдерин жана мүлктөрүн мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча "Кристалл" ААКнын аймагында атайын "Компьютер Павер центр" ЖЧК түзүлүп, ал 2019-жылдын майынан тарта 2020-жылдын октябрына чейин тийиштүү уруксат документтери жок туруп, майнинг-ферманы жабдуу жана техникалык жабдуу иштерин аткарып келген.

Аткаруучу директор Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. аталып, ал эми финансы каражаттарын иш жүзүндө башкаруучу катары Т.А.К. (маркум кримавторитет К.Асанбектин “өкүл баласынын" жакын адамы) болгон. Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты К.Асанбектин кылмыштуу структураларын каржылоо багытталган.

Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн "Аю-Холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган, анын курамына “НурАлЭнерго” энергетикалык компаниясы кирип, ал “Кристалл” заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырып, муну менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөк көрсөткөн.

Ошол эле учурда "Кристалл" ААКнын мүлк комплекси банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен "Компьютер Пауэр Центр" ЖЧКсынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген.

Жыйынтыгында Таш-Көмүр райондук сотунун 2024-жылдын 10-январындагы чечими менен «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Белгилей кетсек, "Кристалл" ААК жарым өткөргүч материалдарды (кремний) чыгаруучу завод болуп саналат жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап электротехника тармагындагы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу (интегралдык микросхемалар, дискреттик приборлор, күн батареялары ж.б.) чыгарылып, бул ишканага чет өлкөлүк инвесторлор активдүү кызыгуусун көрсөтүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн