Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 05:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

УКМК: Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду

16.04.2024 11:36
59
УКМК: Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду


Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын белгилери туралуу катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары С.А. жана Р.М. кармалды.

Алар Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан ыкчам-ергөө иш-чаралардын алкагында жогоруда аталган фактыга катыштыгы бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн