Кулжа 17, 2024
Убакыт: 11:03
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

УКМК: Жөнөкөй жарандардын укугун коргобоо бийликтин аброюна шек келтирет

27.12.2022 18:07
336
УКМК: Жөнөкөй жарандардын укугун коргобоо бийликтин аброюна шек келтирет



Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткаруу бийлик органдарынын, укук коргоо жана жергиликтүү көзөмөл органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет. 


 Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды, ошондой эле алар менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалышы айрым кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт. Облустук ички иштер башкармаларынын жана көзөмөлдөө органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана прокурорлор жүктөлгөн милдеттерге ылайык мыйзамдуулукту жана биримдикти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, жарандын жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн органдар болуп саналат. 


 Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип, ошондой эле өлкөнүн жетекчилигине элдин ишенимин кетирип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда.


 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик бийлик органдарына жеке адамга, мүлккө жана коррупцияга каршы кылмыштар тууралуу билдирген жарандардын кайрылууларына жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдарынын аракетсиздиги жана шалаакылыгы кылмышкерлер менен шериктештик катары бааланарын эскертет.


 "КР УКМКга укук коргоо органдарынын аракетсиздигинен улам, кылмыштын курмандыгы болуп калган жарандар тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрыла алышат же сотко кайрыла алышат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним телефондору: 0312 660475",- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн