Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

УКМК Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн шайлоого катышуусу боюнча тынчсызданууда

01.03.2021 13:44
1012
УКМК Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн шайлоого катышуусу боюнча тынчсызданууда

УКМК республиканын мамлекеттик түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.


Билдирүүгө ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "шайлоо жараянынын коопсуздугун жана ачыктыгын камсыз кылууга жана бийликтин бардык деңгээлдериндеги шайлоо процесси учурунда административдик ресурстарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга" өзгөчө маани берет.


"Ушундай шартта,  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине   "Ишеним" саясий партиясы, анын уюштуруучулары өкмөттүн Ош облусундагы учурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Анын шайлоого катышуусу көңүл бурууга арзыйт",-  деп айтылат билдирүүдө.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "административдик ресурстарды колдонуунун дал ушундай фактылары  2020-жылдагы октябрь окуясынын себептеринин бири болду" деп эсептейт.


УКМК өз билдирүүсүндө "бардык саясий күчтөргө" өлкөнүн учурдагы мыйзамдарын так сактоо жана таза жана ачык шайлоо өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө эскертет. "Болбосо, шайлоо процессинин бузулушунун бардык фактылары мыйзамда белгиленген тартипте бөгөт коюлат" деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн