Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:32
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

УКМК мурдагы министрге карата кылмыш иши уланып жатканын билдирди

11.05.2022 15:23
826
УКМК мурдагы министрге карата кылмыш иши уланып жатканын билдирди

КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысына карата кылмыш иши уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

   

 2017-жылдын 23-июнунда КР УКМК тарабынан КР мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана КР Мамлекеттик мүлктүн контролдоо-укуктук башкармалыгынын көзөмөлдөө-аудит бөлүмүнүн мурдагы башчысы К.Б.К. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу) негизинде жана “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсынын башка жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 

 

   2021-жылдын 12-декабрында кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (Коррупция) кайра квалификацияланган.

     Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн