Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:37
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК: "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды

18.10.2023 17:12
272
УКМК: "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды


“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Араван райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери Н.Д.А., И.А.Х., К.М.Э., М.Ж.Ж. ошондой эле Араван районунун Тепе-Коргон а/о мурдагы башчысы Ж.Х.Ж. кармалды.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн