Массалык башаламандыкка чыкырык жасаган “Ali Osman” аттуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан бул боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандык" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренелери боюнча козголгон кылмыш иши козголгон. Анын негизинде жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу, 1978-жылы туулган К.А.А. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.
К.А.А. аттуу интернет колдонуучусу өзүнүн жасаган иштери үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн купуялуулук жөндөөлөрүнө кайрылып, "Facebook" социалдык тармагынын фейк аккаунттарын колдонгон.
Кармалган К.А.А. Кыргызстанда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталды.
Азыркы учурда кошумча тергөө иш-чараларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү тергөө-процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө. Ал эми К.А.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, ошондой эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга багытталган аракеттер үчүн, мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн