Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

УКМК тарабынан мурдагы айыл чарба министри кармалды

14.03.2024 10:59
181
УКМК тарабынан мурдагы айыл чарба министри кармалды


Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри (учурдагы аталышы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги — ред.) Эркинбек Чодуев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти. 

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КРнын мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Ч. "Лиматекс пахта корпорациясы" ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган.

Келтирилген зыян алдын ала 500 млн сомго бааланууда. 

Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э.У. (Чодуев Эркинбек Урайымович) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн