Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада башталды

04.09.2023 12:38
276
УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада башталды


Бүгүн Ысык-Көл облусунда бардык облустук башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен КР УКМКнын төрагасынын кубогуна командалык спорттун түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары генерал-лейтенант Р.А.Мамасадыков, кызматкерлердин ыкчам жана кызматтык ишинин жогорку эффективдүүлүгүн камсыз кылуунун багыттарынын бири катары, спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматкерлеринин дене тарбиясынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Быйылкы жылы коопсуздук органдарынын спорттук командалары волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол үстүндөгү теннис боюнча спорттун беш түрү менен күч сынашат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн