Өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин – баңгизатын ташуу менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен эл аралык наркоканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш – чаралардын жүрүшүндө Пакистан – Афганистан – Өзбекстан – Кыргызстан маршруту боюнча метамфетамин-баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, бөгөт коюлду.
2024-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү процессинде чет мамлекеттин С.У. аттуу жараны кармалып, андан жалпы салмагы 67,615 кг болгон 300 млн сом суммасындагы метамфетамин баңги каражаты табылып, алынган.
Аталган чет элдик жаран жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн