Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

06.12.2023 14:25
207
УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды


Бүгүн, 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаев, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Аталган бөлүмдүн жаңы имараты толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин өлкө коопсуздугун камсыздоо жаатында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Камчыбек Ташиев департаменттин кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги эгемендүүлүк, аймактык бүтүндүк, улуттар аралык биримдик үчүн күрөштүн алдыңкы сабында турган ата-мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды мындан ары да уланта берерин белгиледи.

Ошондой эле төрага УКМК кызматкерлери уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө республиканын жетекчилигинин ички саясий багытын сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын кошумчалап, өткөн жумада салык маселесине байланыштуу болуп өткөн бир катар нааразычылык акциялары боюнча бир катар маани берүүчү жагдайларга токтолду.

"Республика боюнча соода-базар комплекстеринин ээлери бул ишмердүүлүктөн эбегейсиз киреше алып жаткан өлкөнүн эң бай адамдары. Бирок базарларда жерди ижарага алып иштеп жаткан соодагерлер, контейнерлер үчүн ири суммадагы акча төлөп жатканы менен алар үчүн көпчүлүк базарларда жөнөкөй шарттар жок. Буга байланыштуу соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керек", - деди Ташиев.

Мындан тышкары, бардык чакан ишкерлер акысыз кантролдук кассалык аппараттар менен камсыз болуусу шарттыгы айтылды. Ошондой эле УКМК төрагасы кыргыз элине кайрылып, ар кандай чагымчылдык аракеттерден сак болууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн