Бишкек шаарынын жашоочусу документтерди жасап жүргөн деген шек менен кармалды. ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал УКМКнын кызматкерине тиешелүү болгон жасалма күбөлүктөрдү жана автоунаалардын «оперативдүү номурлары» үчүн күбөлүктөрдү даярдаган деп шектелип жатат. Бул кызматы үчүн 300-500 доллар алып турган.
Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Шектүү — 1991-жылы туулган Н.А. мурда сот жообуна тартылган. Ал 2 айга камакка алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн