Бугу 09, 2025
Убакыт: 01:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.040
1.090

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов УКМКга суракка чакырылды

24.11.2022 10:04
411
УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы Ички иштер министри, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Үйгө келсем УКМКнын И.И. аттуу кызматкери "сүйлөшүүгө" чакырды. Кечки саат 9дан кийин. Кайсы бир жашыруун иш боюнча инвалидди чакырды",- деп жазган.


Эске салсак, Мурат Суталинов 2005-06-жылдары ИИМдин башчысы, 2006-2010-жылы УКМКнын башчысы болуп иштеген.


2014-жылы ал 7-апрелде төңкөрүшкө чыккан адамдарды атууга буйрук бергендиги үчүн 20 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы оорусуна байланыштуу азаттыкка чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн