Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

УКТ мүчөлөрү Токмоктун тургунунан 2500 доллар опузалап акча талап кылган

28.09.2023 14:00
437
УКТ мүчөлөрү Токмоктун тургунунан 2500 доллар опузалап акча талап кылган


Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Токмок шаарынын тургунун опузалап 2500 доллар талап кылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Тергөөнүн версиясы боюнча, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган И.Ж. жана В.Ш. абактагылар менен келишим түзүп, Токмок шаарынын тургунун коркутуп, акча талап кылган.


Бул факты катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренисинин 4-бөлүгү («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.


Ошентип, 26-сентябрда 210 миң сом алгандан кийин кылмышка шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Тергөө иштеринин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн