Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Адилет Касенов катуу оорудан улам бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, айыпталуучунун бир жагы шал болуп калган. Ошондуктан, тергөөчүнүн өтүнүчү менен 22-августта Адилет Касенов өз арызы менен камактан бошотулган.
Эскерте кетсек, Адилет Касенов ушул жылдын май айында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен бирге кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар көп жылдар бою ишкерлердин Кытайдан экспорттолгон эл керектөөчү товарлары бар жүктөрдү тоноп жүргөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн