АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) бардык кызматкерлери 30-сентябрга чейин жумуштан бошотулат. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 1-июлга чейин USAID`дин айрым функциялары Мамлекеттик департаментке өткөрүлүп берилерин билдирген.
Эске салсак, буга чейин февраль айынын башында Американын президенти Дональд Трамп эл аралык уюмдарды каржылоого ири суммадагы каражат бөлгөн USAID`дин ишмердүүлүгүн токтоткон.
Кийинчерээк Американын администрациясы мамлекеттик бюджеттин 60 миллиард долларга жакынын үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүчү тышкы жардам көрсөтүү боюнча агенттиктин жана Мамлекеттик департаменттин келишимдеринин 92% жокко чыгаруу ниетин билдирген.
Ал эми 10-мартта USAID`дин убактылуу жетекчиси болуп дайындалган Рубио алты жумалык текшерүүдөн кийин АКШ өкмөтү агенттиктин 83% программасын расмий түрдө токтотконун жарыялаган.
Анын айтымында, жокко чыгарылган 5,2 миң келишимдин алкагында ондогон миллиард долларлар АКШнын кызыкчылыгына эмес, айрым учурларда алардын зыянына жумшалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн