Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УТРК Кытай ММКлары менен кызматташууга кызыкдар

17.11.2022 17:37
440
УТРК Кытай ММКлары менен кызматташууга кызыкдар



Бүгүн Улуттук терерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Кайрат Иманалиев Кытай Эл республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен жолугушту.


Телеканалдын маалымат кызматы кабарлагандай, анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу баардык маселелер талкууга алынды.


К. Иманалиев: “УТРК Кытай Эл Республикасы менен кызматташтыктын өнүгүшүнө өзгөчө маани берет. Биз КЭРдин телерадио компаниялары менен өз ара кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кубаттайбыз”


 Өз кезегинде, элчи айым УТРКнын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кытайдын ММКлары менен кызматташтыкты арттырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ошондой эле, Ду Дэвень айым жакында эле болуп өткөн Кытайдын Коммунисттик партиясынын ХХ-съезди жөнүндө айтып, өлкөсүндө болуп жаткан жетишкендиктер жана өзгөрүүлөр туурасында учкай маалымат берди.  


Жолугушуу учурунда УТРКнын Башкы директору К. Иманалиев ушул жылдын 6-декабрында УТРК негизделгенинин 90 жылдыгын белгилей тургандыгын айтып, элчи айымды мааракелик иш-чаралардын ардактуу мейманы катары чакырды. Ошондой эле, Кытай элчилигине корпорациянын долбоорлорун ишке ашырууга жардам боло турган техникалык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 


К.Иманалиевдин сунушу менен Элчи айым УТРКнын 90 жылдыгынын алкагында өтө турган Медиа форумга катыша турган ниетин билдирди.


Жыйынтыгында, К. Иманалиев КЭР менен маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында УТРКнын демилгелерин колдоого алгандыгы үчүн элчиликке ыраазычылык билдирди. 

Достук маанайда өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эстелик белектер менен алмашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн