Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

UWW Акжол Махмудовго 3 миң, Шаршенбековго 5 миң доллар төлөп берет

09.11.2022 17:46
595
UWW Акжол Махмудовго 3 миң, Шаршенбековго 5 миң доллар төлөп берет

Кыргызстандык эки балбан Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (United World Wrestling) акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.


Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча ар бир салмактан үч алдыңкы балбанга 10 миң доллар бөлүнүп берилет. Тактап айтканда, рейтингде биринчи орунда турган балбанга 5 миң доллар, экинчиге 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң доллар бөлүнөт.

Рейтингде 60 кг салмакта биринчи орунда турган Жоламан Шаршенбеков 5 миң доллар, ал эми 77 кг салмакта тизменин экинчи сабында жайгашкан Акжол Махмудов 3 миң доллар алат.

Эскерте кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2022-жылдын 10-18-сентябрында Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Теги

UWW

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн