Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 15:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

UWW: Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды

20.12.2023 09:30
1380
UWW: Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды


Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча, кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Маалыматты аталган уюм жарыялады.


UWW 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын белгилеген. Ал Азия, дүйнө чемпиондугун багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утканы жана жылды Азия оюндарынан коло медаль тагынуу менен жыйынтыктаганы жазылган.


Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынан Кыргызстан үчүн алгачкы алтынды утуп тарых жаратса, быйыл үчүнчү ирет алтын тагынып өлкө тарыхын жаңылады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн