Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 18:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Убакытты эң пайдасыз жана коркунучтуу ысырап кылуу - келесоо менен кеп тартышуу

23.06.2021 18:41
3561
Убакытты эң пайдасыз жана коркунучтуу ысырап кылуу - келесоо менен кеп тартышуу


Эшек айтат имиш: 


"Чөп көк",- деп.


Анда жолборс макул болбойт дейт: 


"Жок, чөп жашыл болот",- деп. 


Экөө көпкө талашып, чөптүн кандай түстө экенин чечишип тактап  алуу үчүн токойдун падышасы арстанга жөнөшөт. Бараар барганга чейин эшек " Чөп көк! Чөп кө-өөөк!" деп үнүнүн болушунча кыйкырып барат. Арстанга жеткенде эшек: 


"Улуу даражалуу арстан, чөптүн түсү көк болоору чын да ээ?"- деп кыйкыра сурайт. 


Арстан жооп берет: 


"Ооба, албетте чөптүн түсү көк". 


Анда эшек кубанып: 


"Жолборс болсо чөп көк дегениме кошулбай кыжырымды келтирип жатат. Анын ээн баштыгы үчүн жазалап коесузбу?"-деп аңкылдайт. 


"Жолборс жазалансын! Анын жазасы - 5 жыл бою унчукпай жүрсүн!"-деп буюрат арстан. 


Эшек андан ары кубана "Чөп көк!" деп улам-улам кыйкыра жолун улайт. Жолборс жазасын унчукпай кабыл алып, анан арстандан: 


"Улуу даражалуу арстан. Мени эмне үчүн жазаладыңыз? Чын чынына келгенде чөптүн түсү жашыл да?"-деп сурайт. Арстан: "Ооба, сен айткандай чөп жашыл түстө,"-дейт. Таң калган жолборс: "Анда эмнеге мага жаза бердиңиз?"-деп таңыркайт. Арстан олуттуу жооп берет: 


"Менин сени жазалоо тууралуу буйругум чөптүн жашыл же көк экенине такыр тиешеси жок. Акылдуу, эр жүрөк жолборс экениңди билип туруп, кежир эшек менен талашып анан мага эшекти алдыңа салып "чөп көкпү, жашылбы?" деп чөптүн кандай экенин билип туруп кошо келгениңе таң калдым, мына ошон үчүн жазаландың"- дептир арстан.  


***  Убакытты эң пайдасыз жана коркунучтуу ысырап кылуу - бул  чындыктын, реалдуулуктун кандай экенине эч кызыкпаган келесоо, бет тырмар көк мелтей менен кеп тартышуу. Андайлар  бетпактанган көк беттиги менен бирөөлөрдү кантип болсо да  жеңүүнү көксөп турат. Астына канча далилдерди, аргументтерди жайба, алар түшүнбөйт да, түшүнгүсү да келбейт. Кеп жебес кежирлер менен эч качан талашпагыла. Калп бетпактанып бакырып турганда, акыл унчукпай эле турганы оң болот.


Эрнис Кыязов

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн