Социалдык тармактарда балдарды чагылдырган сүрөт пайда болду. Алардын колунда президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун ысымын түзгөн тамгалар бар.
Сүрөттөгү балдардын жаш курактары ар кандай. Эң кичинекейи коляскада отурат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча бул одоно мыйзам бузууга кирет. Балдар үгүт иштерине катыша алышпайт. Ошондой эле, жашы жете элек балдарды колдонгону үчүн Адахан Мадумаровго эскертүү берилиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда.
Пикирлер (3)