Белгилүү актер Уилл Смит Лос-Анджелесте өткөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу милдетти аткарып жаткан куудул Крис Рокту чаап жиберди.
Рок Смиттин жубайынын чачынын кыскалыгы тууралуу тамаша кылган. Смиттин жубайы бир нече жылдан бери өнөкөт оору менен ооругандыктан анын чачтары төгүлүп кеткен.
Мындан улам, Смит тамашага чыдабай алып баруучуну чапкан.
Белгилей кетсек, Уилл Смит "Король Ричард" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн