Коменданттык саат бүтөрү менен эвакуация иштери башталат. Мындай пикирин Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери ишке ашпай келген.
"Азыркы учурда Киевде коменданттык саат. Кыймылга чектөөлөр коюлган. Коменданттык саат бүтөрү менен мекендештерибизди эвакуациялоо иштерин баштайбыз",- деди элчи Кадыркулов.
Эске салсак, буга чейин 300 кыргыз жаранын эвакуациялоо тууралуу маалымат берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн