Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Украинанын Донецк, Луганск жана Херсон облусунда Россиянын курамына кирүү боюнча референдум өтөт

21.09.2022 10:21
939
Украинанын Донецк, Луганск жана Херсон облусунда Россиянын курамына кирүү боюнча референдум өтөт

Украинанын чыгышында  орус армиясынын көзөмөлүндө турган Донецк, Луганск элдик республикаларында жана Херсон облусунда Россиянын курамына кошулуу тууралуу референдумдун датасы жарыяланды. Бул тууралуу орус маалымат булактары билдирди.


Белгилүү болгондой, шайлоо 23-27-сентябрь күндөрү өтөт.


 Киев болсо бул референдумга каршы экенин жана   мыйзамсыз добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.


Шейшемби, 20-сентябрда Донецк жана Луганск элдик республикаларынын депутаттары тиешелүү мыйзамды кабыл алган.


Луганск облусунун көп бөлүгү  көзөмөлүндө болсо, Донецк облусунун бир катар ири шаарлары Украинанын карамагында.


Ушул эле күнү Херсон облусунда да референдум өтөт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн