Бишкектин четиндеги турнирде улакчынын каза болушу боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ билдирди.
Милиция кырсык бүгүн саат 10:00дө "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командаларынын беттеши учурунда болгонун тастыктады.
"Оюн башталгандан 10-15 мүнөт өткөн соң "Бөрүлүнүн" улакчысын аргымак коюп кеткен. Анын кесепетинен 45 жаштагы С.М. эс-учун жоготуп аттан кулаган. Оюн дароо токтотулуп, Тез жардам кызматы чакыртылган. Тилекке каршы, жаракат алган спортчу ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн. Факт каттоого алынып, териштирүү иши башталды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгону кабарланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн