Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улан Ниязбеков Түрк парламентинин төрагасы Шентоп менен жолугушту

21.04.2022 10:13
374
Улан Ниязбеков Түрк парламентинин төрагасы Шентоп менен жолугушту

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков менен парламенттеги иш бөлмөсүндө жолугушту. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Мустафа Шентоп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы позитивдүү карым-катнаш Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн бери уланып жатканын айтты.


Мустафа Шентоп Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын өнүгүшүндөгү маанисине токтолуп, парламенттер аралык карым-катнаштардын жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи.


Улан Ниязбеков 23-апрель Түркиянын мамлекеттик майрамы болгон Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүнө карата куттуктап, терең урматын билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен Кыргызстан бир тууган элдер экени айтылып, келечекке ишенимдүү экономикалык, маданий жана укук коргоо багытында мындан ары дагы ишмердүүлүктү жаны тепкичтерге көтөрүү маселелери талкууга алынды.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн