Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Улан Ниязбеков Түркиянын вице-президенти менен ФЕТОнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн талкуулады

20.04.2022 11:32
376
Улан Ниязбеков Түркиянын вице-президенти менен ФЕТОнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн талкуулады

Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу өттү.


КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуунун мындан аркы жолдору талкууланды.


Тараптар 2021-жылы Бишкекте өткөн Түркия-Кыргызстан бирдиктүү экономикалык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча өз пикирлери менен бөлүшүштү. Андан сырткары, ушул жылы эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турган Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдануунун жүрүшүнө дагы токтолушту.


Жолугушуу учурунда Түркияда террористтик уюм катары таанылган ФЕТОнун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелер, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары дагы ишке ашыруу талкууга алынды.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн