Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Улан Ниязбеков акыркы коңгуроо жана туристтик сезонго карата милиция кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди

22.05.2023 10:28
258
Улан Ниязбеков акыркы коңгуроо жана туристтик сезонго карата  милиция кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди



2023-жылдын 22-майында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, орто билим берүү мекемелерде окуу жылын аяктоо иш-чарасы учурунда коомдук тартипти камсыздоо жана жайкы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү туурасында онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.


Кеңешмеде ИИМ башчысы бүгүнкү күндө, ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, элге сервистик тейлөө көрсөтүү багыттары боюнча тынымсыз иш алып барып жатканын белгиледи.


“Коопсуздукту камсыздоо ушуну менен эле чектелип калбайт. Дагы бир топ маанилүү кадамдар, жоопкерчиликтүү милдеттер бар. Ал милдеттердин негизгилери - элдин социалдык турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген кылмыштарга жана окуяларга бөгөт коюу, жол кырсыктарын болтурбоо, ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу болуп эсептелет.


Бул багыттарды ишке ашырып, ишмердикти чыңдоо үчүн, уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Жалпылап белгилегенде, кызматкерлердин иштөөсүнө жакшы шарттарды түзүү, сапаттуу кадрларды окутуп даярдоо, алдыга коюлган максаттарга жетүү ишмердиктери дагы улантылат. Эң башкысы, жасап жаткан иш-аракеттердин бардыгы элдин коопсуздугун сактоого, өлкөбүздүн тынчтыгына, жарандарыбыздын жай турмушта жашоосуна шарт түзүү болуп эсептелет”,-деп билдирди Улан Ниязбеков. 


Онлайн кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри ички иштер органдарынын жетекчилерине өлкөбүздүн ички коопсуздугу бизге жүктөлгөндүктөн, мыйзам чегинде милдеттерди аткарып, жарандардын укуктарын коргоп, кылмыштуу кол салуулардан сактап, элдин ишенимин жогорулатууга карата басым жасалышы зарылдыгын эскертти. 


“Ар бир учурдун өзүнө жараша кыйынчылыктары болгон. Бирок, бир дагы кыйынчылык элдин ишениминен жана колдоосунан жогору турбайт. Ошондуктан мамлекеттик органдардын алдыңкы сабында туруп, күнү-түнү иш алып барган кызматтардын бири - ички иштер органдары болуп саналат. Ошондуктан, ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, эл үчүн күжүрмөн аракет менен эмгектенүүгө милдеттүү экендигин унутпаңыздар”,- деди Улан Ниязбеков.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн