Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Уланбек Аалиев Свердлов райондук милициясынын башчысы болуп дайындалды

28.05.2024 17:07
283
Уланбек Аалиев Свердлов райондук милициясынын башчысы болуп дайындалды


Уланбек Аалиев Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дайындоо жөнүндө буйрук бирдей кызмат ордун берүү жөнүндө соттун чечимин аткарууга байланыштуу чыгарылган.

Уланбек Алиев буга чейин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын чечими менен ал реабилитация укугу менен кылмыш курамынын жоктугу үчүн көрсөтүлгөн бардык беренелер боюнча акталган.

Жогорку соттун соттук коллегиясы жогоруда көрсөтүлгөн чечимди күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, Свердлов райондук милициясынын мурдагы башчысы Жеңишбек Абитов чет элдик жарандардын катышуусундагы башаламандыкка байланыштуу ээлеген кызмат ордунан алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн