- Улугбек Зулпукарович, бүгүн бир кесиптешиңиз айрым аткаминерлер депутаттарга карата өйдөтөн, тоготпогондой мамиле кылып жатканы боюнча маселе көтөрдү. Бул маселе боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
- Буга чейин биз аралаш бийлөөнү парламенттик башкаруу катары атап алып, анан парламент негизги ролду ойной баштаган. 120 депутат бүт маселеге кийлигишип, өкмөттү каалаган учурда алмаштырышчу. Бирок, 2021-жылы референумда жалпы элибиз президенттик бийликти тандаган. Жоопкерчилик бир кишиге жүктөлүп, парламенттин мурдагыдай өкмөт түзүү укугу азыр жок. Биз жактан да кетүүдө, мурдагыдай эле өкмөттүн ишине кийлигишип, аралашууну мыйзам ченемдүүдөй көрүшүп...
Бирок экинчи жагынан, Жогорку Кеңештин депутаты – бул эл өкүлү. Алардын кызматка коюп-алуудан тышкары кайрылуулар келгенде, аткарылып жаткан иштерди барып тактап, ал маселени министрлер кабинетинин алдына койгонго укугу бар. Бул жагынан эч кандай тоскоолдук жок. Кээ бир биздин чиновниктер, мурда жетекчи болуп иштебегендер президенттик башкарууга өткөндү өздөрүнчө түшүнүп, “парламент, эми силер мыйзам чыгарганды билип, биздин ишке аралашпагыла” дегендей кылып, өздөрүнчө эйфорияга кирип кетип жатышат. Бул министрлер кабинети кызматка койгон кээ бир жетекчилер мыйзамдын талаптарын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын укугун толук билбегенден го (?) деп ойлойм. Негизги карама-каршылык ушундай эле. Аларды ордуна коюу өкмөт башчысынын эле колунда. Жогорку Кеңештин төрагасы менен министрлер кабинетинин башчысы жолугуп туруп, өз ара кол алдындагылар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш.
- Демек, депутаттар тараптан чекилик кеткен жок дейсизби?
- Айтпадымбы, бизден кеткендиги боюнча. Мамлекеттик кызматтагы кишиге барып эле “мен келдим, ишиңди таштап мени менен жүр” деген туура эмес да. Консультанттары, жардамчылары бар, алдын ала кабар берип, “ушундай маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты сизге барат” десе туура. Болгону ушул эле. Бул жерден мен өтө чоң маселени көрбөй турам.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн